Нарын. "Нарын жылуулук ишканасынын" электр энергия үчүн "Чыгыш электрге" болгон карызы - 74 миллион 278 миң
Нарын облусундагы райондор аралык жылуулук менен камсыздоо ишканасында 96 адам иштесе, кыш мезгилинде 165 адам иштейт. Анда иштегендердин орточо айлыгы 6 726 сомду түзөт. 2013-жылдын 1-январына карата ишкана тарабынан 79 көп кабаттуу үй, 28 менчик үй, республикалык бюджеттен каржыланган 20 мекеме-ишкана, жергиликтүү бюджеттен каржыланган 18 мекеме-ишкана, башка 6 керектөөчүлөр жана 1476 абонент жылуулук менен камсыздалганы белгилүү болду.
Ал эми "Нарын жылуулук ишканасынын" электр энергия үчүн "Чыгыш электрге" болгон карызы 2013-жылдын 1-январына карата 74 миллион 278 729 сомду түздү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

