super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар Кыргызстан кийинки жылы да энергетикалык кризиске кабыларын айтышты

 

Кыргызстандын энергетикалык кыйынчылыкка туш болушуна өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев күнөөлүү. Муну депутат Бакыт Төрөбаев 23-декабрда парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында билдирди. Депутат Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү жылдагыдан аз экенин жаз айларында Оторбаевге эскертип, электр маселесин чечүүгө аракет кылууну өтүнгөн.  

“Мен май айынын башында өкмөт башчыга телефон чалып, суу аз болуп жатканын айтып, кышында көйгөй жаралбашы үчүн аракет кылууну айткам. Сентябрда “суу аз” деп кайрылуу жасап жатат. Өкмөт ошол эле кезде атайын штаб түзүп иштесе, Кыргызстан Казакстандан электр энергиясын сатып албайт болчу. Мына эми анын ордуна суу берсек, кайра эле кийинки жылы да тартыштык болот”,- деди Төрөбаев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: