super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан-Азербайжан аба каттамын ачуу боюнча болжолдуу макулдашууга кол коюлду

 
КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигинин статс-катчысы Максатбек Дыйканов 5-ноябрда Азербайжан өлкөсүнүн Жарандык авиация мамлекеттик администрациясынын директорунун орун басары Фуад Гулиев башында турган кызмат өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосунда аба каттамдарын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр болду. Фауд Гулиев менен Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директору Акылбек Жумабаев тарабынан Кыргызстан-Азербайжан аралык аба каттамын ачуу боюнча болжолдуу макулдашууга кол коюлду. Бул документти эми дипломатиялык жолдор менен бекитүү калды.                





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: