super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандын Бажы союзуна кириши боюнча келишимге кол коюлду

 
Кыргызстандын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулушу боюнча келишимге кол коюлду (мындан ары жаңы биримдик Евразиялык экономикалык союз деп аталат). Документке бүгүн, 23-декабрда Москва шаарында кол коюлду. Келишимди эми Жогорку Кеңеш ратификациядан өткөрүшү керек. 
Президент Алмазбек Атамбаевдин айтымында, келишимде бирдиктүү бажы төлөмдөрү, Кыргызстандын Бажы биримдигине мүчө өлкөлөр менен бажылык көзөмөлдү алып салуу мөөнөттөрү аныкталды. Ал эми кийинки жылдын 9-майынан баштап Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча келишим толук кандуу иштей баштаарын белгиледи өлкө башчы.
Айта кетсек, аталган уюмга кошулуу алкагында Кыргызстанда 112 ченемдик-укуктук актылар даярдалган, мунун 32си мыйзам. Өлкөнүн улуттук мыйзамдары Бажы биримдигиндеги өлкөлөрдүн мыйзамдарына шайкеш келтирилген. Буга чейин айтылгандай, биримдикке кошулуу процессинде Кыргызстандын экономикасын турукташтыруу үчүн атайын түзүлгөн фондго Орусия 1 миллиард доллар бөлүп берүү чечимин кабыл алган.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: