super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин комитети акыйкатчынын орун басарын тандоодон баш тартты

 

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети акыйкатчынын орун басары кызматына сунушталган талапкер тандоону четке какты. Мындай чечимди комитет мүчөлөрү 23-декабрда кабыл алышты.

Жыйында акыйкатчы Бактыбек Аманбаев өзүнүн орун басарлыгына эки талапкерди сунуштады. Аманбаевдин айтымында, акыйкатчынын орун басары кызматы бош тургандыктан, сынактык негизде 6 талапкерден сунуш түшүп, анын ичинен экөөсү тандалып алынган. “Талапкерди дайындоо же эки талапкердин бирин көрсөтүү боюнча укугум жок. Бул Жогорку Кеңеш аркылуу чечилүүгө тийиш. Ошондуктан экөөнү бирдей көрсөтүп жатам”,- деди акыйкатчы.  

Депутаттар "Бизге да ыңгайсыздык жаратып жатасыздар. Бирин тандасак, экинчиси таарынып калат. Эки талапкердин бирин тандап, андан кийин гана парламентке алып кириңиз" дешти. Комитет мүчөлөрү сунушту колдоого алышты. 

Айта кетсек, акыйкатчынын орун басарлык кызматына Чолпон Осмонова менен Гүлгакы Мамасалиеванын талапкерлиги көрсөтүлдү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: