Владимир Путин: "Евразиялык экономикалык союз аймакты өнүктүрүүнүн кубаттуу борбору болот"

"Евразиялык экономикалык союз түзүү жөнүндө келишим кыска аралыкта даярдалды, бул союз аймакты өнүктүрүүнүн кубаттуу борбору болот". Мындай пикирин Орусиянын президенти Владимир Путин 23-декабрда Москва шаарында Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында айтты. "Биз быйыл май айында Астана саммитинде кол коюп, октябрда келишимди Орусия, Беларусь жана Казакстандын парламенттери ратификациялаган. 2015-жылдын 12-январынан тартып күчүнө кирет. Буга чейин айтылып келгендей, 170 миллион керектөөчүсү бар ири рынок түзүлөт",- деди Путин.
Орусия лидери союзга мүчө өлкөлөр ортосунда товар, капитал, кызмат көрсөтүү жана жумушчу күчтөрдүн кыймыл эркиндиги камсыздаларын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
2

