super.kg logo
  Саясат  

“Бири-бирибизге жардамдашсак, ушул татаал мезгилди жеңилирээк басып өтөрүбүзгө ишенем” деди Алмазбек Атамбаев

 

Эгерде биз биргелешип, ынтымактуу болуп, бири-бирибизге жардам берсек, өлкөлөрүбүз ушул татаал мезгилди жеңилирээк басып өтөрүнө ишенем”,- деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев. Мамлекет башчы бул тууралуу 23-декабрда Москва шаарында Евразиялык экономикалык союзга Кыргызстандын кошулушу тууралуу келишимге кол коюу учурунда айтты.  

Атамбаев Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга кошулушунун ачык жана адилеттүү параметрлери аныкталгандыгын белгиледи. “Кыргызстан үчүн бирдиктүү бажы тарифине өтүүдө эсептөөнүн өлчөмү, келишимдин күчүнө кирүү мөөнөттөрү, бирдиктүү бажы тарифинин колдонулушунун жана кыргыз-казакстандык чек арада бажы көзөмөлүн алып салуунун даталары аныкталды”,- деди мамлекет башчы.

Президент Кыргызстан оор жылдарды баштан кечиргендигин белгиледи. “Биз тынчтыктын, ынтымактын баасын жакшы билебиз, ошондуктан биз терең ойлонуп, интеграциянын, жакшы коңшулаштыктын жана достуктун жолун тандап алып жатабыз”,- деди Атамбаев.  

Өз кезегинде мамлекет башчылары улуттук мыйзамдарын Евразиялык экономикалык союздун укуктук базасына шайкеш келтирүү боюнча Кыргызстан чоң иш аткаргандыгын белгилешти. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: