super.kg logo
  Саясат  

Нурсултан Назарбаев Евразиялык экономикалык союз тарыхта каларын айтты

 
Евразиялык экономикалык союз 2015-жылы евразиялык интеграциянын жаңы этабынын башталышы катары тарыхка кирет. Муну 23-декабрда Москва шаарында өткөн Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев билдирди. Келишим 2015-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирерин айткан президент: "Тарыхта биринчи жолу Евразия алкагында кубаттуу табигый потенциалы бар биримдик түзүлүүдө. ЕАЭС карапайым жарандар жана алардын кызыкчылыктары үчүн түзүлдү. Кеңири аймакта 180 миллиондой жаран бизнесте, эркин соода жүгүртүүдө, иш менен камсыздалууда бирдей мүмкүнчүлүктөрдү алышат. Биз өлкөлөр аралык ишенимди бекемдейбиз",- деп билдирди. 
Айта кетсек, Евразиялык экономикалык биримдикке Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Беларусь жана Армения мүчө болду. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: