super.kg logo
  Саясат  

Абдырахман Маматалиев Сириядагы согушка кыргызстандыктар 4 каттам аркылуу кетип жатканын айтты

 

"Сириядагы согушка кыргызстандыктар 4 каттам аркылуу чыгып кетишүүдө". Муну вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин 23-декабрдагы жыйынында айтты. Анын билдиришинче, Сирияга бара жаткандар көбүнчө Түркия аркылуу чыгып кетишүүдө.  

“Алгач Орусиядан Түркияга барып, андан ары Сирияга чыгып жатышса, экинчиден, Орусиядан Грузияга, Грузиядан Түркия аркылуу Сирияга кетип жатышат. Кыргызстандан түз эле Түркияга учуп, Түркиядан Сирияга киргендер да бар. Мындан тышкары Украина аркылуу да кетишүүдө,- деди Маматалиев.

Өкмөт мүчөсү: “2011-2014-жылдар аралыгында Сирияга 130га жакын кыргызстандык чыгып кеткен. Биз элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Бирок ар кандай уюмдар аркылуу кетип калышууда”,- деп кошумчалады.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: