super.kg logo

Өткөн суткада өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, Учкун кичи районундагы турак үйдүн чатыры толугу менен күйүп кетти

 

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы болуп, аларды өчүрүүгө 7 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 24-декабрдагы маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Ош шаарында 1 өрт кырсыгы катталган.

Борбордогу Учкун кичи районундагы турак үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен ондулин менен жабылган турак үйдүн 230 чарчы метр чатыры, 30 чарчы метр балдар бөлмөсү жана 50 чарчы метр ондулин менен жабылган чакан үй толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Ошондой эле Чолпон-Ата шаарындагы райондук оорукананын жер төлөсүнөн өрт чыкты. Анын кесепетинен жер төлөдөгү матрацтар күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: