Москвада каза болгон кыргыз жаранынын сөөгүн мекенине жеткирүүгө каражат жок болууда



Москвада каза болгон Кыргызстандын жаранынын сөөгүн мекенине жеткирүүгө каражат жок болууда. Бул тууралуу Жылдыз Осмонова интернеттеги социалдык тармак аркылуу 23-декабрда жарыялады.
Ал маркум Мамбетакунов Кубанычбектин келинчеги жана КРнын Орусиядагы элчилигинин юристтеринин атынан кайрылуу жазганын айтып: "Мекендешибиздин каза болгонуна бир нече күндөн ашыптыр. Тилекке каршы, жердештери жана туугандары жок болгондуктан, Кыргызстанга сөөгүн жеткизгенге акча жок. Аргасыздан коомчулукка кайрылып жатышат. Маркум Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Коңорчок айылынын тургуну болгон экен. Мындан 4-5 күн мурун корпоративдик кечеде ууланып каза болуптур",- деген. Ошондой эле Мамбетакунов Кубанычбектин 2 кыз, 1 уулу Нарында ата-энесинин колунда калганын жазган.



Керектүү каражат чогултулуп, каза тапкан жарандын сөөгү бүгүн мекенине жөнөтүлөрү тууралуу төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп окуй аласыз: http://www.super.kg/kabar/news/94537/