Талас. Бакай-Ата айыл өкмөтүндө ЖКнын депутаты Роза Акназарованын иш бөлмөсү ачылды
4-февралда Талас облусунун Бакай-Ата айыл өкмөтүндө ЖКнын депутаты Роза Акназарованын коомчулук менен түздөн-түз байланышуусун камсыз кылуучу атайын иш бөлмөсүнүн ачылышы болду. Айта кетсек, парламенттин өткөн аптадагы жыйынында коомчулук менен тыгыз байланышып, алардын сунуш-пикирлерин угуп туруу үчүн ар бир депутатка аймактарда жумушчу бөлмө ачуу сунушу айтылган болчу. Иш бөлмөнүн ачылышына депутат айым өзү катышып, мындан ары жергиликтүү калктын көйгөйлүү маселелерин Жогорку Кеңештин кароосуна тез арада алып чыгууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

