super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш байытылган ундун Кыргызстанда кенен жайылышына багытталган демилгени добуш берүүгө жиберди

 

“Нан унун байытуу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору бүгүн, 24-декабрда Жогорку Кеңеште 2-окууда каралды. Демилгечилер адамдын организмине энергиялык керектүү заттардын 75 пайызы дандан алынарын айтышып, данды ун кылып тартууда витаминдер менен микроэлементтердин 80 пайызы улпакка чыгып кетерин билдиришти. Нан унун байытуу аркылуу эне менен баланын ден соолугундагы темир жетишсиздиги жоюлат.

Мындан сырткары жогорку жана 1-сорттогу ундар сөзсүз түрдө премикс каражаты менен байытылышы милдеттендирилип жатканы, бул ири ун комбинаттарына тиешелүү экени айтылды. 

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: