super.kg logo

Ош шаарында 11 айда сегиз миңден ашуун ымыркай төрөлгөн

 

Ош шаарынын вице-мэри Иличбек Эргешов шаардык кеңештин кезектеги сессиясында "2014-жылдын 11 айында 7863 төрөт болуп, 8003 ымыркай төрөлгөн" деп билдирди. Бул тууралуу 24-декабрда мэриянын басма сөз кызматынан маалымдашты. 

Анын айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлигинин токтомуна ылайык, быйыл шаардагы төрөт үйү оор абалдагы кош бойлуу энелерди да кабыл алган. 

“2013-жылдын 11 айына салыштырганда төрөттүн саны 1392ге көбөйгөн. Жалпы төрөлгөндөрдүн ичинен 7984 ымыркай аман-эсен жарыкка келген. Ал эми жалпы төрөттүн 35,6 пайызын райондордон келип төрөгөн кош бойлуулар түзгөн. Өткөн жылдын 11 айына салыштырганда аман төрөлгөндөрдүн саны 1402 ымыркайга көбөйгөн”,- деди И.Эргешов.

Ошондой эле вице-мэр кошумчалагандай, Ош шаардык төрөт үйүндө өткөн жылга салыштырмалуу 2014-жылдын 11 айында энелердин операция жолу менен төрөшү 162ге кыскарган же былтыр 16,9 пайызы операция жолу менен төрөгөн болсо, быйыл 16 пайызды түзгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: