Бишкекте рублдун курсу көтөрүлүүдө, 1 рублду сатып алуу 1 сом 10 тыйынга бааланууда
Бишкектин акча алмаштыруучу жайларында рублдун курсу көтөрүлүүдө. Учурда 1 рублду сатып алуу 1 сом 10 тыйын, сатуу 1 сом 15 тыйынга чейин болууда. Белгилей кетсек, Орусия валютасынын курсу акыркы 4-5 айдан бери кескин төмөндөп, 1 рубль кыргыздын 75 тыйынына бааланып жаткан. Буга Орусияга батыш өлкөлөрү жарыялаган санкциялар, экономикалык кырдаал, дүйнөлүк рынокто мунай баасынын кескин төмөндөшү өңдүү факторлор себеп болгон.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

