Бишкекте “үй ээсинин алтын буюмдарын уурдаган” деген шек менен анын бала багуучусу кармалды

Борбор калаада “үй ээсинин алтын буюмдарын уурдаган” деген шек менен анын бала багуучусу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 31 жаштагы Б.Н. аттуу шаардын тургуну кайрылган. Анда ал анын баласын багуучу болуп иштеген кыз үйүндөгү зер буюмдарын уурдаганын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 24 жаштагы М.Н. аттуу шаардын тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.