super.kg logo
  Саясат  

Туйгунаалы Абдраимов: "Өзбекстандагы парламенттик шайлоо мыйзам чегинде өттү"

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын делегациясы Өзбекстан Республикасынын парламенттик шайлоосуна байкоочу болуп катышты. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда аталган комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, БШКнын башчысы Туйгунаалы Абдраимов жана атайын өкүлү кирген делегация 2014-жылдын 19-декабрынан 21-декабрына чейин Өзбекстанда Олий Мажилисинин (парламент) Мыйзам чыгаруу палатасынын депутаттарын шайлоого байкоочу катары катышып келишти. Алар Өзбекстандын БШКсынын төрагасы Мирзо-Улугбек Абдусаломов тарабынан 2014-жылдын 21-декабрындагы шайлоонун жүрүшүнө жана уюштуруусуна эл аралык байкоочу катары катышуу үчүн чакырылган.

Т.Абдраимовдун пикири боюнча, Өзбекстандагы парламенттик шайлоого эл жигердүү катышкан жана шайлоо ийгиликтүү өткөн. "Өзбекстандын БШКсы, республиканын Конституциясы жана шайлоо мыйзамдарына ылайык, шайлоону өткөрүүдө жогорку даярдыкты жана уюштуруучулукту көрсөтүштү",- деди ал.

Айта кетсек, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажилисинин Мыйзам чыгаруу палатасына Өзбекстандын Либерал-демократиялык партиясы, Өзбекстандын Элдик-демократиялык партиясы, Өзбекстандын демократиялык “Миллий тикланиш” партиясы жана “Адолат” социал-демократиялык партиясы катышкан. Олий Мажилис Мыйзам чыгаруу палатасын түзгөн 135 орунга 535 талапкер өз талапкерлигин көрсөткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: