super.kg logo

Улуттук университеттин ректор шайлоосунун жыйынтыгын сот жокко чыгарды

 

Биринчи Май райондук соту Ж.Баласагын атындагы Улуттук университетте 18-октябрда болуп өткөн ректорду шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, ректорлукка талапкерлер Айылчы Сарыбаев жана Нурзак Асанбеков шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып, арыз менен сотко кайрылышкан. Биринчи Май райондук соту Нурзак Асанбековдун арызын канааттандырып, шайлоо жыйынтыгын мыйзамсыз деп тапты.

Эске салсак, ректорлукка болгон шайлоодо А.Сарыбаев "жашы өтүп кеткен" деген себеп менен талапкерлердин тизмесинен алынган болчу. Ал эми Н.Асанбеков шайлоодо ат салышып, бирок добуш берүүдө мыйзам бузуулар болгонун айткан. Жалпысынан ректорлукка 15 талапкер катышып, 214 добуш менен Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Алтай Бөрүбаев жеңип чыкканы жарыяланган эле. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: