Жаңы конуштарды таза суу менен камсыздаган ишканаларды салыктык эмес төлөмдөн бошотуу демилгеленүүдө
Жогорку Кеңеште 24-декабрда “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Каржы министри Ольга Лаврованын айтымында, жаңы конуштардын тургундарын таза суу менен камсыз кылган ишканаларды 2 пайыздык салыктык эмес төлөмдөн бошотуу демилгеси сунушталууда.
Жыйын жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушундай өтүнүч менен кайрылганы, бул багытта жылына 20 миллион сом көлөмүндө каражат чогулары, ал бюджеттик абалга анчалык деле терс таасирин тийгизбей турганы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

