Президенттин катышуусундагы “Алтын балаты-2015” жаңы жылдык салтанатына Ош шаарынан 10 окуучу жөнөтүлөт
26-декабрда Бишкекте президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда өтө турган “Алтын балаты-2015” жаңы жылдык салтанатына Ош шаарынан 10 окуучу барат. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган башкармалык социалдык жактан коргоого муктаж, аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары, аялуу, жарым аялуу жана Ош окуясында жабыр тарткан үй-бүлөнүн балдарынан адилеттүү тандап, бул иш-чарага жөнөтүү алдында турат. Окуучулардын басымдуу бөлүгү шаардагы “Боорукердик”, “Алтын уя” балдар үйүнүн, көрүүсү начар жана көзү азиздер мектебинин жана №11-мектеп-интернатынын тарбиялануучулары. Алар 25-декабрда жөнөп кетишет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:17
2025-11-07
22:29
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















