super.kg logo

Оштогу төрөт үйүнө жасалма дем алдыруучу аппараттарды сатып алуу маселеси каралууда

 

Ош шаардык төрөт үйүнө балдарга жасалма дем алдыруучу аппаратты сатып алуу үчүн 2015-жылы жергиликтүү бюджеттен 5 миллион сом акча каражатын бөлүп берүүнү Ош шаарынын вице-мэри Иличбек Эргешов шаардык кеңештин кезектеги отурумунда сунуштоодо. 

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын мартында шаардык кеңеш токтом чыгарган. Анда 2014-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаты ашып кала турган болсо, ал каражатка шаардык төрөт үйүнө медициналык аппараттарды сатып алуу айтылган.

“Шаардык кеңештин токтому 27-март күнү чыккан. Бирок Билим берүү жана илим министрлиги менен Каржы министрлигинен "1-4-класстагы окуучулардын мектептеги тамак-ашы жергиликтүү бюджеттен каржылансын" деген буйрук келди. Ошондуктан бизде акча маселеси жаралып, кыска убактын ичинде 19 миллион сомду мектеп тамак-ашына таап берүү керек болуп калган. Анын натыйжасында биз алты айдын жыйынтыгы менен 5 миллион сом бөлүп бере албай калдык. Ошондуктан ымыркайлардын жана энелердин өмүрү биз үчүн өтө баалуу экендигин эске алып, 2015-жылдын 1-кварталында ымыркайларды жасалма дем алдыруучу аппараттарды сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча карап берүүнү сунуштап жатабыз”,- деди И.Эргешов. 

Вице-мэр шаардык төрөт үйүнө 12 аппарат керек болгон болсо, бүгүнкү күндө эки гана аппарат иштеп жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: