super.kg logo
  Спорт  

"Шериктештик Кубогу-2015": Кыргызстандык жаш футболчулар алгачкы оюнун 16-январда Молдовага каршы өткөрүшөт

 

16-25-январь аралыгында Орусияда өтүүчү Шериктештик Кубогунда ойноло турган оюндардын убактысы белгилүү болду. 21 жашка чейинки курактагы футболчулардан турган Кыргызстандын жаштар курамасы алгачкы оюнун 16-январда Молдовага каршы өткөрөт. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, тайпадагы 1-тур оюндарынын алкагындагы Кыргызстан-Молдова беттеши менен мелдеш башталат. Ошондой эле кыргызстандыктар 2-турда Латвия менен (18-январда), 3-турда Орусия менен (19-январда) кез келет.

Кошумчалай кетсек, мелдешке катыша турган 12 команда 3 тайпага бөлүштүрүлгөн. Ар бир тайпадан алдынкы 2 орунду ээлеген курамалар жана мыкты жыйынтык көрсөтүп, бирок 3-орунду ээлеп калган 2 команда кийинки баскычка чыгат. Оюндар Санкт-Петербург шаарындагы "Петербургский" спорттук аренасында өтөт. 
Оюндардын тизмеси жана сааты (Бишкек сааты менен берилди):

16-январь

15:00. Молдова - Кыргызстан

18-январь

15:00. Латвия - Кыргызстан

19-январь

22:00. Кыргызстан – Орусия 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
24.12.2014. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урматтуу админ саат канчада башталганын жазып койбойсуздарбы биз убакыт болсо барып колдоп келейли дарегиндагы жазып койсонуздар
24.12.2014. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jugorsk, Саламатсызбы!
Кошулду.
Модератор admin_portal түзөттү 24.12.2014 14:35
24.12.2014. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_portal, чоон рахмат
24.12.2014. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Питерде жургон мекендештер, барып колдоо корсоткуло.
24.12.2014. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик жана жениш каалайм жаш командаларга...
10.01.2015. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсыл каналдан берет Урматтуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: