super.kg logo

Ош. "2014-2018-жылдарда балдар юстициясын өнүктүрүү" программасы талкууланды

 

Социалдык өнүгүү министрлиги Ош шаарында "2014-2018-жылдарда КРнын Балдар юстициясын өнүктүрүү" мамлекеттик программасы боюнча тегерек стол өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага катышкан министр Кудайберген Базарбаев: "Бул документти ишке ашырууда бийлик түзүмдөрү жана жалпы коом тарабынан биргеликте иш жүргүзүлүшү керек. Балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо биздин мекеменин негизги милдети болуп саналат",- деди.

Анын айтымында, министрлик оор жашоо кырдаалына түшкөн балдарды колдоо боюнча ишмердүүлүктү күчөтүүдө. "Учурда аз камсыз болгон 300 миңден ашуун бала жөлөк пул алат. Бирок жөлөк пул берүү менен бул маселе чечилбейт. Жыл сайын биз аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн санынын өсүшүн байкап жатабыз. Жаңы программа балдардын укук бузууларын алдын алууга багытталган",- деди Базарбаев.

Айта кетсек, буга чейин ушул маселе боюнча тегерек стол Бишкек шаарында өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: