super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш вице-премьер-министрликке Дамира Ниязалиеваны шайлады

 
Дамира Ниязалиева
Жогорку Кеңеш 24-декабрда социалдык блок боюнча вице-премьер-министрликке Дамира Ниязалиеваны шайлады. Анын талапкерлигине 80 депутат “макул” деп добуш берди. Жыйында депутаттар Ниязалиевага бир катар сунуштарды берип, ага ийгилик каалашты. Спикер Асылбек Жээнбеков: "Сизди жооптуу кызматка шайладык, мамлекет үчүн жемиштүү кызмат кылыңыз",- деди. 
Айта кетсек, Ниязалиева 2010-жылы Жогорку Кеңешке КСДП фракциясынан депутат болуп шайланган. Парламенттеги Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы болуп иштеп келген.
Буга чейин вице-премьерликти аркалап келген Эльвира Сариева жакында билим берүү жана илим министри болуп шайланган.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: