super.kg logo

Бишкекте Жаңы жылга карата туруктуу жашоочу жайлары жок адамдарга жардам көрсөтүлүп, кайрымдуулук акциясы өттү

 

Жаңы жылдын астында Бишкек шаарындагы "Коломто" кайрымдуулук үйүндө туруктуу жашоочу жайлары жок адамдарга социалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чаранын алкагында 166 адамга жардам көрсөтүлдү. Алар медициналык кароодон өтүп, ысык тамак-аш, кийим менен камсыздалышты. Андан соң юридикалык жана психологиялык жардам көрсөтүлдү. Мындан тышкары алардын манжа издери алынып, маалымат базага киргизилди. 

Иш-чара Улуттук Кызыл Жарым Ай коому, Бишкектеги жана Кыргызстандагы орус православ чиркөөсүнүн епархиясы жана "Жашоо фонтаны" уюмунун колдоосу менен Биринчи Май райондук администрациясы жана райондук ИИБи менен биргеликте өткөрүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: