super.kg logo

Өзгөн районунда дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу талкууланды

 

КРнын Коргоо кеңешинин 2020-жылга чейинки диний чөйрөдөгү мамлекеттик концепциясын ишке ашыруу иш-чаралары кечээ Өзгөн районунда талкууланды. Ага Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов, Өзгөн районунун акиминин биринчи орун басары Алишер Бакышев, Райондук улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Абдалим Мамаев, райондун башкы имам-хатиби Самидин Атабаев, жергиликтүү айыл өкмөт башчылары жана дин өкүлдөрү менен укук коргоо органдары катышты. Бул тууралуу 24-декабрда Ош облустук казыятынын маалымат бөлүмүнөн билдиришти. 

Жыйындын ачылышында райондун акиминин орун басары А.Бакышев калк арасында ысырапкерчилик, адеп-ахлак жана материалдык дүйнөгө берилүү орчундуу маселе экендигине токтолду. 

«Бүгүнкү күндө орчундуу маселеге айланган Сирияга үндөгөн чакырыктар, радикализм жана экстремизм өңдүү терс көрүнүштөрдүн ислам динине эч тиешеси жок, жат көрүнүштөр. Исламда илим менен билимге биринчи кезекте көңүл бурулат, аша чабуучулук менен Сирияга барып, терс көрүнүштөрдүн туткунуна кабылган жаштар дээрлик диний түшүнүгү жок, динден кабарсыздар экендиги белгилүү. Аймакка, урууга жана улутка бөлүнүү динде жок, улуттук биримдикте жана ынтымакта бололу»,- деди облус казысы Ниязали ажы Арипов.  

Райондук УКМКнын башчысы Мамаев Абдалим Өзгөн районундагы диний кырдаал боюнча маалымат берип, Сирияга кетүү ушул жылдын март-апрель айларына караганда акыркы айларда күчөп бараткандыгы коомчулукту кооптонтуп жатканын эскертип, Сирияга кеткен жарандардын көпчүлүгү диний сабаты жок, билимсиз, көчө жаштары экенин баса белгиледи.

Жыйынтыгында катышуучулар тарабынан суроо-жооп иретинде талкуу болуп, облус казысы концепцияда көрсөтүлгөн багыттарды ишке ашырууда райондун башкы имам-хатиби жана айыл өкмөттөрдөгү мечит имамдарына конкреттүү иш пландарды иштеп чыгуу тапшырмасын берип, аталган маселеде жергиликтүү бийлик кызматкерлери жана аймактык милиция тескөөчүлөрү менен биргеликте тыгыз иш алып барууну буйруду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: