super.kg logo

Араван жана Кара-Кулжа райондорунда салыктык төлөмдөрдү, декларацияларды кабыл алуучу "Бирдиктүү терезе" ишке кирди

 

Мамлекеттик салык кызматынын Араван жана Кара-Кулжа райондору боюнча “Бирдиктүү терезе” кызматы ишке киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Салык кызматкерлери “Бирдиктүү терезеде” салык төлөмдөрүн, отчётторду, декларацияларды кабыл алат. Ошондой эле салык төлөөчүлөрдү каттоодон өткөрүп, патенттерди берип жана узартуу менен алектенет. Андан сырткары Социалдык фонддун кызматтарын көрсөтүп, салыктардын тиешелүү суммасын төлөө үчүн терминал орнотулмакчы.

Иш-чарага Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Октябрь Абдыкаимов, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү, эки райондун салык төлөөчүлөрү жана салык кызматкерлери катышты. Эске салсак, учурда 32 салык органында “Бирдиктүү терезе” иштейт. Ушул сыяктуу инфраструктура жакынкы убакыт аралыгында бир нече шаар жана райондордо ачылары күтүлүүдө. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: