super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш: Букмекер кеңселерин жаап салууга айрым депутаттар макул эмес

 

Жогорку Кеңеште 24-декабрда өлкөдө букмекер кеңселеринин ишине тыюу салуучу мыйзам долбоору каралууда. Демилгечилердин айтымында, жарандар букмекердик кеңселерге көз каранды болуп, жапа чегип жаткандыктан улам ушундай мыйзам даярдоо зарылдыгы келип чыкты. 

Депутат Абдыманап Кутушев: “Тыюу салуу менен букмекердик кеңселерди жоё албайбыз. Казинолорду деле жабалы деп мыйзам чыгарып, жаба албай отурабыз го”,- деди.

Бирок демилгечилер: “Кесиптештерибиз бөйрөктөн шыйрак чыгарып жатышат.  Мына, адам өлтүрүүгө каршы мыйзам бар, бирок адамдарды өлтүрүп эле жатышат. Ошол эле учурда мыйзам иштеп жатат. Азыр биздин бул сунушубузга каршы сүйлөшүүлөр жүрүп жатыптыр, бирок мыйзамды колдошубуз керек”,- деп билдиришти. 

Депутат Надира Нарматова букмекердик клубдар айрым чиновниктерге таандык экенин айтты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: