super.kg logo

Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруудагы турак жай маселеси талкууланды

 

КРнын Вице-премьер-министри Валерий Диль Кыргызстанды 2013-2017-жылдары туруктуу өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруудагы турак жай жаатындагы маселелер боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу 24-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди

Маалыматка караганда, жыйында Сокулук районунда 30 гектар аянтка спутник-шаарынын курулушу жөнүндө жаңы долбоор талкууга алынды. Ошондой эле 2 мектеп, 2 бала бакча, медициналык мекемеси бар, жалпы аянты 240 миң чарчы метр аянтка спутник-шаарды куруу айтылды.

Валерий Диль азыркы тапта Орусия, Кытай, Түштүк Корея, Канададан инвесторлор бар экенин белгилеп: "Жакында борбор калаага жакын жайгашкан Чүй облусунун райондоруна багытталган курулуш долбоорлору инвесторлорго сунушталат",- деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: