Кыргызстандык балбандар жыл ичинде эл аралык ири мелдештерден 29 медаль утушкан

Кыргызстандык балбандар 2014-жылы эл аралык расмий мелдештерден 29 медаль утушкан. Бул тууралуу КРнын Күрөш федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор арасында Дүйнө, Азия чемпиондуктарындагы жана Азия оюндарындагы жыйынтыктар эсепке алынган. Медалдардын 5и алтын, 10у күмүш жана 14ү коло болду. Анын 12син башкы курама команда, алтоону жаштар курамасы жана 11ин өспүрүмдөр утушкан. Күрөштүн түрлөрү боюнча карай келсек, грек-рим күрөшүнөн 16 медаль, эркин күрөштөн 7 медаль, кыз-келиндер күрөшүнөн 6 медаль Кыргызстандын эсебине жазылган. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.