super.kg logo
  Саясат  

Дүйшөнбек Зилалиев: "Кыргызстандын түштүгүн газ менен камсыздоого толук мүмкүнчүлүк бар"

 
"Кыргызстандын түштүк аймагын газ менен камсыз кылууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар". Бул тууралуу 24-декабрда Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев Баткендин Өрүкзар айылынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Быйыл март айында талаштуу жагдайларга байланыштуу "Баткен нефтегаз" компаниясы аймакты газ менен камсыздоону токтоткон эле. 
Зилалиев аталган компания аймакты газ менен камсыздоо боюнча геологиялык отчётун сунуштаганын, жаңы долбоор менен Кадамжай районуна гана эмес, жалпы түштүк аймагына газ жеткирүүгө болорун айтты.  
"Кадамжайды газ менен камсыздоо маанилүү маселе, бирок өлкө түштүгүнө газ берүү мындан да маанилүү. Жарым жылдан ашып калды, өлкөнүн бир бөлүгү газ түтүгүнөн ажыраган бойдон турат. Бул маселени биринчи чечүү зарыл",- дейт агенттик башчысы. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: