Бишкекте дзюдо боюнча өткөн "Хан Манас" кубогунда кыргызстандыктар командалык эсепте 1-орунду ээлешти

Бүгүн, 24-декабрда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда дзюдо спорту боюнча “Хан Манас” кубогуна арналган эл аралык мелдеш аяктады. Кыргызстан, Өзбекстан, Орусия, Ооганстан, Иран, Тажикстан мамлекеттеринин спортчуларынын катышуусундагы мелдеште командалык эсепте Кыргызстан 1-орунду ээледи. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар 29 медаль утуу менен (8 алтын, 5 күмүш, 16 коло) командалык эсепте 1-орунду ээлешти. Алдынкы үчтүккө 19 медаль уткан (6 алтын, 7 күмүш, 6 коло) Казакстан менен жалгыз гана 1 алтын уткан Орусиянын курамасы кирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Жалаң баш тамгалар менен жазууга, кимдир-бирөөнү кемсинтип, мазактоого тыюу салынат.