Кыргызстан Евразиялык экономикалык союздун жалпы кирешесинин 1,9 пайызын алат
Кыргызстан Евразиялык экономикалык союздун жалпы кирешесинин 1,9 пайызын алат. Муну экономика министри Темир Сариев билдирип, бул сумма Кыргызстан үчүн жакшы мүмкүнчүлүк экенин айтты. Уюмдун кирешесинин 7 пайызы Казакстанга, 4,7 пайызы Беларуска, 1,3 пайызы Арменияга берилери айтылды. Буга чейин Кыргызстан аталган союздун кирешесинин 2,85 пайызына ээлик кылары айтылып келген.
Автор: Автандил Добулбеков
Эскерте кетсек, 23-декабрда Москва шаарында Евразиялык экономикалык союзга Кыргызстандын кошулушу тууралуу келишимге кол коюлду. Кыргызстан 2015-жылдын 9-майынан баштап аталган уюмдун толук кандуу мүчөсү болору айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

