super.kg logo

Руслан Абасовдун апасы: "Баламдын өлүмү боюнча иштеп, тергеп жатабыз дейт, бирок эч натыйжа жок"

 

"Спортчу Руслан Абасовдун өлүмү боюнча оперативдүү топ иштеп жатат. Убагы келгенде аягына чыгат". Бул тууралуу кечээ, 24-декабрь күнү ички иштер министри Мелис Турганбаев Токмок шаарында эл менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анда маркум Руслан Абасовдун апасы Жумабүбү Кудайбергенова: “Балам 27-мартта каза тапкан. Андан бери 9 ай өттү. Анын өлүмү боюнча иштеп, тергеп жатабыз дейт, бирок эч натыйжа жок”,- деп министрге кайрылды.

Буга министр Турганбаев: “Иш менин көзөмөлүмдө. Балким, иш эртең-бүрсүгүнү ачылат. Биз аны айта албайбыз. Жумасына бир жолу мага келип, иштин кандай жүрүп жатканы боюнча маалымат берип турушат”,- деди.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 27-мартында спортчу жубайы экөө унаада Токмок шаарындагы 1-кичи райондон 3-кичи районду көздөй бара жатканда бурулуш жерден жардыруу болгон. Жардыруудан жаракат алган кикбоксчу Руслан Абасов ооруканага жетип каза болгон. Ал эми келинчегинин абалы канааттандырарлык деп белгиленген. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.12.2014. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайран жигит!,коро албастыр козуно качан кор топурак толот экен? ((((((((
25.12.2014. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын шумкары эле.... Андан коро Жана курсагы челкейген жегичтерди бирден атса, калганы онолот беле.... Таман акы, мандай тери менен жашагандарга асылбай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: