super.kg logo

Өкмөт жооп берет: Жалгыз бой эне катары балама жөлөк пул ала аламбы?

 

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - Жолдошум каршы болгондуктан, Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүндө (ЗАГС) каттоого турган эмесмин. Учурда жалгыз бой энемин. Балам 4 айлык болуп калды, бирок анын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк да албагам. Өзүм үй-бүлөдө 4 бир тууганмын. Атам анда-санда такси кызматында иштеп каражат табат, апам - мугалим. Атамдар баланы бешинчи бала кылып каттатып алалы дейт. Апам да пенсияга чыгабы ошондо? Же мен өзүмдүн фамилияма өткөрүп, жөлөк пул алсам болобу? Же каттоого турбаганымдан улам жөлөк пул ала албаймынбы? Суроо калтырган jass00.

Жооп: - Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-декабрынын «Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө» №318-мыйзамынын чегинде, балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине жараша чектелет. Башкача айтканда, аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашаган ар бир жан башына кепилденген эң төмөнкү киреше 705 сом өлчөмүнөн ашпаган шартта дайындалат.

Маалымат катары айтсак, Кыргыз Республикасынын 29-декабрындагы №822-токтомунун негизинде мамлекеттик жөлөк пулдарды чектөөнүн тартиби жөнүндө бекитилген жобого ылайык, балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгон учурда 3 айга гана дайындалышы мүмкүн (бирок комиссиянын сунушу боюнча).

Толук маалымат алуу үчүн туруктуу каттооңуз боюнча Социалдык өнүгүү башкармалыгына жана пенсия суроолору боюнча Социалдык фондго кайрылууну сунуштайбыз.

Суроого Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз катчысы Кымбат Кадыралиева жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
25.12.2014. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
705 сом :)
Артына бир ноль кошуп жазса , жок дегенде тамак ашы чыгып турат эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: