Депутаттар Нарын эли үчүн энергетикадагы 700 киловаттык лимитти 1500 киловаттка көтөрүүнү сунушташууда
Нарын облусунун бийик тоолуу аймактарынын жашоочуларына электр энергиясындагы 700 киловаттык лимитти 1500 киловаттка чейин көтөрүү керек. Муну депутат Мамытбай Салымбеков Жогорку Кеңештин 25-декабрдагы жыйынында айтты. Анын билдиришинче, 700 киловатт-саат нарындыктар үчүн аз.
“Нарында 6 ай кыш болот. Ошондуктан 700 киловатт-саат жетпейт, лимитти 1500гө чейин көбөйтүп берүүнү жергиликтүү тургундар суранышууда. Анткени кышында алардын көпчүлүгү жумушсуз отурушат, андан сырткары аз камсыздалган үй-бүлөлөр, кароосуз калган балдар да бар”,- дейт Салымбеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

