Кыргызстанда 4 окуу жайды өзүн өзү каржылоого өткөрүү туура эмес
"Кыргызстанда 4 жогорку окуу жайды өзүн өзү каржылоого өткөрүү туура эмес, окуу жайлардын баарына бирдей мамиле жасалышы керек",- деди спикер Асылбек Жээнбеков парламенттин 25-декабрдагы жыйынында. Төрага бул маселени парламенттин тармактык комитети карап чыгышы керектигин айтты. "Реформа десе өкмөт башкачараак түшүнүп алган окшойт, мындай аракет жарабайт. Жогорку окуу жайды тандоо студенттин өзүнүн каалоосу болушу керек. Мамлекет күчтүү жаштарга Америкадан болсо да окутууга шарт түзүшү зарыл",- деди Жээнбеков.
Автор: Автандил Добулбеков
Жыйында айрым депутаттар М.Адышев атындагы Ош технологиялык университети өзүн өзү каржылоого өткөрүлгөнү жатканын айтып, мындай кадам жаңылыштык экенин билдиришкен эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
2

