Борбордогу кафелердин биринде мас абалда эмеректерди талкалаган жаран кармалды

Борбордогу кафелердин биринде мас болуп алып
эмеректерди талкалаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда Бишкек
ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, окуя Сүйүнбаев көчөсүндөгү
кафелердин биринде түнкү саат 03:00 чамасында болгон. Ашыкча ичимдик ичип
алган кафенин кардары кафенин ичиндеги эмеректерди жана эшигин талкалап салган.
Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында милиция кызматкерлери 27 жаштагы
шаардын тургунун кармашты. Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.