super.kg logo

Мамлекеттик ишканалар 27-декабрдан 7-январга чейин эс алышы мүмкүн

 
Мамлекеттик ишканалар 2014-жылдын 27-декабрынан 2015-жылдын 7-январына чейин эс алышы мүмкүн. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен бүгүн, 25-декабрда билдиришти.
Маалым болгондой, жаңы жылдык эс алуу боюнча тийиштүү токтом өкмөткө жиберилген. Документке кол коюлгандан кийин эс алуу күндөрүнүн так датасы аныкталат. 
Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандагы окуучулардын кышкы каникулу боюнча маалымат берген. Ага ылайык, мектеп окуучулары 2014-жылдын 29-декабрынан тартып 2015-жылдын 18-январына чейин кышкы эс алууга чыгышат. Ал эми жазгы каникул 23-29-март күндөрү болуп, окуу жылы 2015-жылдын 29-майында аяктайт. Кесиптик окуу жайларда кышкы каникул 2015-жылдын 1-январынан 31-январына чейин деп белгиленген. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.12.2014. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун го.....

1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: