Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салууну тездетүү сунушталууда
Жогорку Кеңештин 25-декабрдагы жыйынында Кыргызстанга оң рулдуу автоунааларды алып кирүүгө тыюу салуу демилгеси экинчи окууда каралууда. Мыйзам кабыл алынгандан 6 айдан кийин күчүнө кирери айтылган эле. Бирок бул мөөнөттү 3 айга кыскартуу сунушталып жатканын демилгечилер айтышты. "Быйыл 11 айда өлкөгө оң рулдуу 48 миң автоунаа киргизилген. Жарандардын коопсуздугу баарынан маанилүү, ошондуктан 6 ай деген убакытты 3 айга кыскартуу чечимине келдик",- деди депутат. Эгер мыйзамга 2015-жылдын январь айында кол коюлуп калса, анда март айынан баштап мындай унааларды өлкөгө алып кирүүгө тыюу салынат.
Автор: Автандил Добулбеков
Айрым депутаттар 6 ай деген мөөнөттү өзгөртүүсүз калтырууну сунушташууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

