super.kg logo
  Саясат  

Турсунбай Бакир уулу: "Кыргыздарга оң рулдуу же сол рулдуу эмес, рулу ортосунда жайгашкан унаа ыңгайлуу"

 
Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу канчалык оор болсо да, Кыргызстанга оң рулдуу автоунааларды алып кирүүгө сөзсүз тыюу салынышы керектигин билдирди. Депутат шаар көчөлөрүндө баш аламандык токтобой жатканын кошумчалап: "Оң жактуу жана сол жактуу унаалардын көчөдөгү көптүгүн бир да өлкөдөн көрбөдүм. Оң рулдуу унаалар көп же сол рулдуу көп, биздегидей аралаш эмес. Оң рулдуу автоунаа минген айдоочулар таарынышпасын, мен дайыма тамашалап айтып келем, бизге оң рулдуу же сол рулдуу унаалар эмес, рулу ортосунда жайгашкан автоунаа керек",- деди Бакир уулу.    
Депутат өлкөгө оң рулдуу унаа ташыган ишкерлерге ыраазычылык айтуу керектигин белгиледи. "Анткени азыр ар бир үйдө жок дегенде бирден автоунаа бар, бул жагынан бир топ өлкөлөрдөн алдыдабыз",- дейт Бакир уулу. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: