super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандагы оң рулдуу унаалардын баарынын рулун сол жагына которуу сунушу айтылды

 

Парламенттин 25-декабрдагы жыйынында депутаттар Кыргызстандагы оң рулдуу автоунаалардын баарынын рулун сол жагына которууга өкмөттүн мүмкүнчүлүгү бар же жок экенин сурашты. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Кыргызстанда азыр мындай мүмкүнчүлүк жок экенин билдирди. "Унаалардын рулун сол жагына которууга болбойт, анткени унаанын сапатына доо кетет. Япониянын өзүнөн эле которуп беришпесе, биздин өлкөдө азыр мындай станциялар жок",- деди Асанов.

Жыйында оң рулдуу унааларды өлкөгө алып кирүүгө тыюу салуу демилгеси экинчи окууда каралууда. Депутат Улукбек Кочкоров: "Мыйзам күчүнө кирсе, Орусия менен Японияда унаалардын рулу сол жагына которулуп, биздин өлкөгө жөнөтүлө баштайт. Муну текшерүүгө бизде мүмкүнчүлүк жок, унаанын заводдон чыккан кездеги рулу кайсы жагында болгонун билбейбиз. Андан көрө биздин жумушчуларга шарт түзүп берели, алар биздин өлкөдөгү оң рулдуу унаалардын рулун сол жагына которуу менен алектенишсин",- деп билдирди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: