Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салчу демилге 2-окууда добуш берүүгө жиберилди
Жогорку Кеңеш Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салчу мыйзам долбоорун 25-декабрда 2-окууда карап, добуш берүүгө жиберди.
Ички иштер министри Курсан Асановдун айтымында, акыркы беш жыл аралыгында оң рулдуу автоунаалардын саны 36 пайызга чейин өскөн. "Оң рулдуу унаалардын катышуусундагы автокырсыктардын саны кыйла өсүп кетти. Ошондон улам оң рулдуу автоунааларды алып кирүүгө тыюу салуу демилгесин көтөрүүгө аргасыз болдук",- деди Асанов. Маалыматка таянсак, 2013-жылы оң рулдуу автоунаалардын катышуусунда өлкөдө 1472 кырсык катталып, жалпы кырсыктын 21,4 пайызын түзгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
-1

