Улукбек Кочкоров, депутат: "Өзүбүз 2013-жылкы Лексустар менен жүрүп, элге "эски унааларды техникалык кароодон өткөр" дегенибиз туура эмес"
Кыргызстанда жарандар уюлдук оператор алмаштырганда телефон номурларын өзгөрүүсүз калтыра турган мыйзам долбоору парламенттин 25-декабрдагы жыйынында каралууда. Долбоорго каршы чыккан депутаттар мындай демилге уюлдук операторлорду ашыкча чыгымга учуратарын, мунун кесепети абоненттерге тиерин айтышты.
Автор: Автандил Добулбеков
"Ушул мыйзамды кабыл алууга зарылчылык барбы? Мындан башка да толгон-токой көйгөйүбүз жатпайбы? Биз (ред. депутаттар) өзүбүз 2012-2013-жылкы Лексустарды минип жүрүп, эски унааларды айдаган карапайым жарандардан "унааңды техникалык кароодон өткөр" деп талап кылганды токтотушубуз керек. "Бизге таасири тийбесе болду, башкалары эмне болсо ошо болсун" дегенди качан коёбуз? Бул мыйзамдын ашыкча түйшүк жаратуудан башка пайдасы жок",- дейт депутат Улукбек Кочкоров.
Депутат Турсунбай Бакир уулу мыйзам долбоорунун тобокелчиликтерин атады.
"Мыйзам долбоорунун АРВсында (анализ регулятивного воздействия) жазылып турат: абоненттер үчүн тарифтер убактылуу кымбатташы мүмкүн, уюлдук байланыштын сапаты төмөндөп, маал-маалы менен үзгүлтүккө учурап турушу ыктымал экени айтылууда. Мындан тышкары чакан уюлдук компаниялар рыноктон сыртка сүрүлүп калуу же тармакты монополия басып калуу коркунучунда турат",- деп билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

