Министр Алтынбек Максүтов жана элчи Кылычбек Султанов Малайзия менен Кыргызстандын мамилесин бекемдөө жолдорун талкуулашты






Бүгүн, 25-декабрда маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кылычбек Cултанов менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Автор: Динара Абдыкадырова
Маалыматка таянсак, жолугушууда Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы маданий байланышты чыңдоо жана өнүктүрүү боюнча сүйлөшүү жүрдү. Кылычбек Султановдун Малайзияда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү сунушун министр колдоого алды. Мындан тышкары Кыргызстанга малайзиялык туристтерди тартуу, эки өлкөнүн маданият кызматкерлеринин ортосунда тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

