super.kg logo

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо айын өткөрдү

 

Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын кошуундары, бөлүктөрү жана мекемелеринде боорукердик жана “Биз биргебиз!” деген аталыштагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо айы өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда аталган штабдан билдиришти. 

Маалым болгондой, айтылган бир айлыктын алкагында жана Башкы штабдын башчысынын бекиткен планына ылайык, ар түрдүү социалдык мекемелер менен айрым жеке адамдарга жардам көрсөтүү боюнча иш-чаралар уюштурулган.

Ошентип, 02626 жана 73809-аскер бөлүктөрү тарабынан боорукердик акциясы жүргүзүлүп, 40ка жакын балага оюнчуктар менен кийим-кечелер чогултулган, чакан концерт, майрамдык түшкү тамактануу, аларды Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрындагы “Мен өлгүм келбейт” деген спектаклге алып баруу менен коштолгон.

Мындан тышкары Башкы штаб менен Коргоо министрлигинин өкүлдөрү аркылуу туруктуу көзөмөлдө турган мекемелер, Дүлөй балдардын республикалык атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектеби менен Майлуу-Суудагы балдардын “Рахат” патронаттык-адаптациялоо борборунун тарбиялануучуларына 180 даана 45 000 сомго алынган жаңы жылдык белектер тапшырылган.

Айта кетсек, “Биз биргебиз!” боорукердик айы жыл сайын өткөрүлөт. Быйыл бардыгы болуп 171 000 сомдон ашык суммада жардамдар көрсөтүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: