Марат Султанов: "Орусиядагы мигранттарга 2015-жылдын жарымында жеңилдиктер башталат"

"Евразиялык
экономикалык союздагы мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өкмөт мигранттарга байланышкан тоскоолдуктарды
алып салышы керек". Муну 25-декабрда парламент депутаты Марат Султанов билдирди.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Депутат Кыргызстан Евразиялык экономикалык союзга кирүүдө соода-сатыктын эркин жүгүртүлүүсү эле эмес, эмгек күчүн дагы эркин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк ачыларына токтолду. Анын билдиришинче, мигранттардын иштөөсүндөгү тоскоолдуктар кескин төмөндөйт. “Бул жерде тиешелүү министрликтер дыкат иш жүргүзүп, келишимдеги мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, маселен, мигранттар боюнча ар кандай барьерлерди алып салуу багытында иштеши керек. Ошондо биздин эмгек мигранттарыбызга жеңилдик жылдын экинчи бөлүгүндө таасир берет",- дейт депутат.
Маалыматты парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

