super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште жер сатууга байланышкан арыздарды иликтеген депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы каралууда

 

Бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңеште Чүй облусундагы Сокулук районунун жана Баткен облусундагы Кадамжай райондорунун тургундарынын жер маселесине байланышкан кайрылууларын иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы угулуп жатат.

Депутаттык комиссиянын төрагасы Туратбек Мадылбеков Сокулук районунун тургундарынын кайрылуусун иликтөө иштери бүткөнүн, ал эми Кадамжай районундагы Ак-Турпак айыл тургундарынын кайрылуусун иликтөө иштери аягына чыга электигин билдирди. Иликтөө жүрүшүндө бир катар жер тилкеси мыйзамсыз сатылганы айтылды.

"Кезинде Новопавловка айылындагы "Красная Заря" кооперативи аймактагы эң ири чарбалардын бири болгон. 1994-жылы жер реформасы жүргөндө, чарбанын жери үлүш катары бөлүнүп берилген. Жергиликтүү аткаминерлер 902 гектар жерди катып калганы аз келгенсип, тизмедеги үлүш жер алган адамдардын катарына каза болгон жана көчүп кеткен адамдарды да киргизип, алардын үлүшүн жасалма документтер аркылуу өз адамдарына каттатып, катылган жерди өздөрү пайдаланып келишкен.

2006-жылы Новопавловка айындагы катылган жердин дайыны табылганына карабастан, бийлик башындагылар ал жерди өздөрү пайдалануу максатында "Архар" кооперативин түзүп, мыйзамсыз басылып алынган 402 гектар жерди четинен бөлүп сата баштаган",- деди Мадылбеков. 

Андан сырткары комиссия төрагасы бул жерлерди сатуунун башында Бактыбек Таласбаев деген жаран турганын кошумчалады. 

"Жалпысынан айылдын 1257 гектар жери башка категорияларга өткөрүлгөн. Мында Бакиевдердин катышы бар экени айтылууда. Бул алдамчылыктын башында алардын ишенимдүү кишиси Бактыбек Таласбаев турган.

Депутаттык комиссия тарабынан мурда иштеп кеткенине же азыр иштеп жатканына карабастан, жер маселелерине байланыштуу мыйзамдардын сакталышы жаатында жергиликтүү бийлик жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо, жер сатуу алдамчылыгына катышы бар бардык аткаминерлердин мыйзамсыз аракетине жана аракетсиздигине укуктук баа берүү маселелерин көтөрүү чечими кабыл алынган",- дейт Мадылбеков. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: