super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков Нарын облусунун алдынкы мектеп окуучулары менен жолугушту

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 25-декабрда Нарын облусундагы Ат-Башы районунун алдынкы окуучуларынын тобу менен жолугушту. Жээнбеков парламенттин мыйзам чыгаруу, мамлекеттүүлүктү бекемдөө боюнча жүргүзүп жаткан иштери, Кыргызстанда парламенттик демократияны өнүктүрүү тууралуу маалымат берди. Билим берүү сапатына токтолгон спикер: "Силерде терең билим алууга умтулуу аракети болушу керек. Кыялдануу менен бирге, алдыңарга белгилүү бир максат койгула",- деп билдирди.

Окуучулардын суроолоруна жооп берип жатып төрага энергетика тармагындагы ири долбоорлорду ишке ашыруу маанисин белгиледи. "Энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болгондо жана ички инфраструктуралар түзүлгөндө гана экономиканы өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк болот. Азыр өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун жана транспорттун көз карандысыздыгын камсыз кылууга багытталган бир катар долбоорлор жүзөгө ашырыла баштады",- дейт парламент жетекчиси.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: