Окуучулардын республикалык олимпиадасынын 3-этабы февралдын аягында өтөт
Кыргызстанда мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын 3-этабы 2015-жылдын 27-28-февраль күндөрү өтөт. Билим берүү жана илим министрлиги 26-декабрда билдиргендей, предметтик олимпиадалар Бишкек, Ош шаарларында, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облусундагы шаарларда өтөт. Олимпиаданын республикалык туру (4-этабы) 2015-жылдын 26-30-март күндөрү Бишкек шаарында өтмөкчү.
"Олимпиаданын максаты - мектептердеги өзгөчө жөндөмү бар окуучуларга колдоо көрсөтүү, окуучулар, мугалимдер арасындагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү өнүктүрүү",- деп билдирет министрлик.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















